Ош шаарына 20 троллейбус жана 24 автобус сатып алуу керек. Бул тууралуу парламентте шаардык вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу маалымат берди.
Анын айтымында, Ош шаары троллейбус жана автобустар менен 26% гана камсыздалган.
"2010-жылдагы июнь коогалаңында 23 коомдук транспорт күйүп кетип, бүгүнкү күндө шаар транспорт таңкыстыгын баштан кечирүүдө. Азыркы иштеп аткандардын муктаждыктын төрттөн бирине гана жетет. Алардын көпчүлүгү 90-жылдан мурда чыгарылган унаалар”, - деди Абдрахман уулу.
Ошко жаңы унааларды сатып алуу үчүн Каржы министрлиги Европа өнүктүрүү банкынан 1% менен кредит алууну көздөөдө. Вице-мэр насыяны жол киреден түшкөн каражат менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бардыгын белгиледи. (МТо)