Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Аманбаев: Отчетту угуунун создугушуна парламент күнөөлүү


Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Акыйкатчынын жылдык отчету берилбей жатышына парламент күнөөлүү. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди.

Аманбаев отчетту эбак эле даярдаганын айтууда.

“Парламент докладды укпай, Эсеп палатасынын акыйкатчынын ишмердигин текшерүүсүнүн жыйынтыгы керек, экөөнү чогуу карайбыз деп кийинкиге жылдырган. Ал эми Европадагы иш сапарымда Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинде атуулдарыбыздын укуктары боюнча баяндама жасашым керек. Андан тышкары, дүйнөлүк акыйкатчылар конференциясына катышам”, - деди Аманбаев.

Ал сапардан эмки жумада келерин билдирди. Бүгүн парламентте акыйкатчынын өлкөдөгү адам укуктары боюнча жылдык отчету угулмак. 19 күндүк иш сапарда болгонуна байланыштуу парламентке келбеген акыйкатчыны айрым депутаттар сынга алышты. (МТо)

XS
SM
MD
LG