Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Кыргызстанда тогуз жылда 92 өспүрүм зомбулуктан каза тапкан


Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Баланын үй-бүлөдө жашоо укугу” аттуу Улуттук форумда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, балдарга карата жасалган зомбулук жакыр үй-бүлөдө эле болбойт.

“Ушул кезге чейин өспүрүмдөрдүн кордолушу ар бир үй-бүлөнүн ичиндеги сыр катары саналып, коомчулукта ашкереленбей келген. Эми мамлекеттик деңгээлде аларды социалдык жактан коргоо боюнча программалар иштелип чыгат”,- деди Базарбаев.

Аталган форумга премьер-министр баш болгон өлкө жетекчилери, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. (AiJ/MTo)

XS
SM
MD
LG