Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Марьинкадагы салгылашта 5 украин аскери мерт кетти

Украина чыгышындагы Марьинка аймагындагы атышуулардан 5 украин аскери каза таап, 39у жаракат алды. Бул тууралуу Украина президентинин кеңешчиси Пётр Бирюков интернеттеги Facebook баракчасына жазды.
Анын маалыматына ылайык, жикчилдер 3-июнда Марьинка шаарын басып алууга аракет кылышкан.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын өкүлү Владислав Селезневдин ырасташынча, орус жикчилдери 50 адамын жоготкон. Өз алдынча жарыяланган Донецк республикасынын бийлиги 14 аскердин жана 5 жай тургундун окко учканын билдирди. Украин медиасынын кабарлашынча, бейшембиге караган түнү да украин аскерлери менен жикчилдер ортосундагы кармаш токтогон эмес.

XS
SM
MD
LG