Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Балдарга карата зомбулукту алдын алуу үчүн штабдар түзүлөт


Социалдык өнүгүү министрлиги балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн штаб түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн “Баланын үй-бүлөдө жашоо укугу” аттуу Улуттук форумда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Мунун алкагында ар бир райондо жана айыл өкмөттөрдө штабдар ачылат. Анда балдарын таштап кеткен кыргызстандыктардын тизмеси түзүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да планга камтылган.

Форумдун аягында балдарга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча атайын резолюция кабыл алынды. (AiJ)

XS
SM
MD
LG