Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Немис дарыгерлери Бишкекте бекер операция жасоодо


Германиялык дарыгерлер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө келип, кайрылгандарды акысыз текшерип жатышат.

Аталган борбордун башкы врачы Алмаз Кубатбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1-июнда Бишкекке келген немис дарыгерлер 14 операция жасашты.

Кайрылган оорулуулардын жагдайына карай мындай операциялардын саны кыркка чыгары күтүлүүдө. Адистердин ичинде пластикалык хирургдар да бар. Операцияга керектүү болгон каражаттарын кошо ала келишкен. Бул иш чара 12-июнга чейин уланып, каалоочуларды акысыз тейлемекчи. (BCh)

XS
SM
MD
LG