Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Мубарак сот жообуна кайрадан тартылат


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак 2011-жылдагы демонстранттардын өлүмү боюнча кайрадан сот алдында жооп берет. Египеттин апелляциялык соту Мубаракты актоо өкүмүнө каршы мамлекеттик айыптоочулардын доо арызын канааттандырды. Ошентип бул иш боюнча үчүнчү жолку жараян 5-ноябрга белгиленди.

87 жаштагы Хосни Мубарак 2011-жылдагы массалык башаламандыктар учурунда 800 кишини өлтүргөн деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Египетти 30 жыл башкарган Мубарак өткөн жылдын ноябрында акталган болчу.

Ушул жылдын башында сот коррупция беренеси боюнча Мубаракты жана анын эки уулун үч жылга эркинен ажыраткан. Ал азыр Каирдеги аскердик ооруканада дарыланууда.

XS
SM
MD
LG