Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

Ош: Каракчылыкка шектелгендердин анабашы Орусиядан алынып келе элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Ош аэропортундагы каракчылыкка шектелген эл аралык кылмыштуу топтун Аслан аттуу башчысы Омскиде кармалган. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура Орусияга өтүнүч жөнөткөн.

“Азырынча жооп келе элек. Бирок, жакын арада жооп берилет деп күтүп атабыз”, - деди Нурдинов.

Өткөн жылдын 27-декабрында Ош аэропортунан 5,5 млн., айрым маалыматтар боюнча 13 миллионго чейин доллар каракталган. Милиция буга казакстандык жана кыргызстандык 11 жарандан турган топтун катыштыгы бар деп, алардын жетөөсүн кармаган. Коомчулукта карактоонун артында саясий күчтөр турат деген пикирлер да айтылып келет. (МТо)

XS
SM
MD
LG