Эртең, 5-июнда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүзү 29...34;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүзү 28...33;
Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүзү 28...33;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүзү 29...34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүзү 20...25;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүзү 22...27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүзү 5...10;
5-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүзү 31…33 градус жылуу болот.