Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кытайда чөккөн кемеден 65 жүргүнчүнүн сөөгү табылды


Куткаруучулар Янцзы дарыясында аңтарылган кеменин 65 жүргүнчүсүнүн сөөгүн табышты. 370ге жакыны дале изделүүдө. Кытай медиасынын кабарлашынча, туристтердин 14ү гана куткарылган.

"Чыгыш жылдызы" деген кеме 1-июнда Нанкин шаарынан түштүк-батыштагы Чунцин шаарчасына баратканда кырсыкка кабылган. Теплоход катуу шамалдын айынан аңтарылып, эки мүнөттүн ичинде суу астында калган. Кемеде 457 жүргүнчү, негизинен улгайган туристтер болгон. Полиция кеменин аман калган капитаны менен башкы механигин камакка алган.

XS
SM
MD
LG