Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Жалал-Абад: мектептеги жоолук маселесинде талаш жаралды


Шаардагы жалпы коомдук кенештин бүгүнкү отурумунда мектепке жоолук салынып келген окуучулардын айланасында талаш маселе жаралды.

Жыйынды алып барып жаткан эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаевдин "Мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салууга болбойт, алар кааласа оронуп келе беришсин. Анткени кыргыздын кыз-келиндери илгертеден башынан ак жолугун түшүргөн эмес" деген пикирине жыйындын көпчүлүк катышуучулары нааразылык билдиришти.

Жыйынга катышып жаткан мектеп директорлору билим уясынын уставына ылайык окуучулар мектепке оронуп келүүгө болбой турганын, Сирияга азгырылгандардын башаты ошондон башталарын айтышты. Мындан сырткары мектептердеги окуу программаларына дин тарыхы тууралуу сабактарды киргизүү сунушу айтылды.

Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан жыйынга Ош жана Чүй облустарынан келген жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чараны ISEDA коомдук фонду жана "Улгайгандардын ресурстук борбору" коомдук уюму уюштуруп, анда түштүк облустарынан Сирияга азгырылып жаткан аялдардын жана балдардын жагдайлары талкууланып жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG