Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Ош: милицияда иштеген аялдардын санын көбөйтүү сунушталууда


Мындай сунуш Ош облусунун райондорунда өткөн “Тынчтык жана ишеним: укук коргоо органына бирдей мүмкүнчүлүк” аттуу талкуу учурунда айтылды. Бул тууралуу ИИМдин Ош облустук башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милициянын катарында аялдарды көбөйтүүгө бир нече муктаждыктар бар.

“Алар маңзат менен кармалган аялдарды тинтүү, балдарынан баш тарткан аялдар менен сүйлөшүү, участкалык милициядагы аялдар элдеги маалыматтарды оңой топтошу, жол кайгуулчу аялдардын да айдоочулар менен иштей билүүсү эркектерге караганда жакшы бааланды” деп билдиришти ИИМден.

Бүт өлкө аймагында өткөн талкуудагы сунуштар ИИМге сунушталмакчы. Учурда Ош облустук милициясынын 20% аялдар түзөт. (YI)

XS
SM
MD
LG