Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Дмитрий Гудков “чет элдик тыңчы” түшүнүгүнө каршы мыйзам сунуштады


Мамдуманын депутаты Дмитрий Гудков “чет элдик агент” түшүнүгүн алып салуу боюнча мыйзам долбоорун палатага сунуштады. Гудковдун Фейсбукка жазышынча, Юстиция министрлигинин каттоосунда 68 бейөкмөт уюм чет элдик агент катары таанылган.

Депутат адам укуктары, демократия, кайрымдуулук жаатында иштеген уюмдардын чет элдик агент тизмесине киришин уят деп эсептейт. Ал миллиондогон акчаны илимге сарптаса да ”кара тизмеге” кирген Дмитрий Зиминдин “Династия” фондун мисал келтирип, мыйзамдан баш тартууга чакырууда.

Чет өлкөдөн каржыланып, өлкөнүн саясатына кийлигишкен бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG