Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

"7-каналдын" журналисти депутат Нарматова аны коркутуп жатканын билдирди


Каныбек Темиров, журналист
Каныбек Темиров, журналист

"7-каналдын" Бишкектеги журналисти Каныбек Темиров Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова аны коркуткан SMS жазып, телефон чалып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, буга 2-июнь күнү эфирге берилген сюжет себеп болгон. Анда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Медакадемияга студенттерди кабыл алуудагы мыйзамсыздыктарды талкуулап жатканы, комитетке тиешеси жок болсо да Надира Нарматова жыйынга кирип барып, окуу жайдын жетекчилигин коргой баштаганы жана Коррупцияга каршы уюмунун төрага орун басары Камил Умаров менен кер-мур айтышканы көрсөтүлөт.

Темировдун билдиришинче, репортаж эфирге берилген соң депутат журналистке телефон чалып, сотко берерин эскерткен жана анын аброюна шек келтирген SMS билдирүүлөрдү жиберген.

Нарматова муну этикага дал келбеген жорук деп атап, толук комментарий берүүдөн баш тартты. (SE)

XS
SM
MD
LG