Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

БУУ тез арада Иракка жардам берүү зарылдыгын билдирди


Ирактык бозгундар
Ирактык бозгундар

Бириккен Улуттар Уюму Иракта улам күчөп бараткан кризисти жоюу үчүн жарым миллион долларга жакын каржылык көмөк зарылдыгын эскертти. Уюмдун Ирак боюнча гуманитардык программасынын координатору Лизе Гранде тез арада көмөк көрсөтүлбөсө БУУнун өлкөдөгү ишмердиги токтоп калаарын билдирди.

Маалыматка ылайык, согуштан жапа чегип, үй-жайын жоготкон 5 жарым миллиондон ашуун адамга башпаанек берүү жана тамак-аш менен камсыздоо үчүн алдыдагы жарым жылда 497 миллион доллар керек.

Ирактын батышына өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ урган соккулардан улам соңку бир айда эле он миңдеген киши үй-жайын жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG