Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт


Келерки апта Бишкекте Тажикстандын маданият күндөрү уюштурулат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара 8-13-июнь күндөрү болот.

Маданий жумалык Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда тажик артисттеринин концерти менен башталат. Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде коңшу өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат. 10-июндан тарта Кино үйүндө тажик тасмалары сунушталат.

Ушундай эле иш-чаралар Кара-Балта шаарында жана Чүйдүн Аламүдүн районунда да өтөт.

Тажикстандын маданият күндөрү Бишкектеги опера-балет театрында гала-концерт менен жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG