5-20-июнда Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын айыл аймактарында 2016-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, угуулар жергиликтүү бюджеттердин 2016-жылга чыгашаларын жана кирешелерин пландоого калкты тартуу максатында өткөрүлүүдө. Анда жарандарга жергиликтүү бюджет эмне экени, кантип түзүлүп, кантип сарпталары түшүндүрүлөт.
“Коомдук угуулар өнөктүгүнөн кийин Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Жарандардын бюджеттик процесске реалдуу катышуусу” сынагына катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул сынактын жылдык байге фонду 350 миң сомду түзөт” деп билдиришти уюмдан. (МТо)