Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Сузак: жергиликтүү жетекчи пара менен кармалды


Жалал-Абад облусунун Сузак райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн башчысы 1000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-июнда, бөлүмдүн жетекчиси даректик тактама жазып берүү үчүн район тургунунан ашыкча акча талап кылган.

Жетекчи акчаны алып жатканда прокуратура жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG