Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

ТИМ: Түштүк Кореяда вирус жуктургандар арасында кыргызстандыктар жок


Түштүк Кореяда тарап жаткан MERS вирусуна кабылгандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Түштүк Кореяда жайылган вирустун кесепетинен 1-июнда эки адам набыт болду. Учурда вирус жуктургандардын саны 35ке жетти. Ал эми вирус жугушу мүмкүн деп, карантинге алынгандардын саны 1300 адамга чамалады. Бул вирус адамдын дем алуу органдарын жабыркатары айтылууда.

Илдеттин алдын алуу үчүн айрым шаарларда 500дөн ашуун мектептер жабылды. Маалыматка караганда, вирусту өлкөгө Арабиядан келген адам ала келгени жана ал төөдөн жугушу мүмкүндүгү болжонууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жагдайга көз салып, кыргызстандыктарга Кенгидо, Чхунчхон-Пукто жана Чхунчхон-Намдо провинцияларына барбай турууга кеңеш берет. (МТо)

XS
SM
MD
LG