Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргызстан чет өлкөлүк унааларды 2020-жылга чейин өз тарифи менен киргизет


2020-жылга чейин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар өлкөнүн мурда бекитилген бажы тарифи боюнча киргизилет. Бул тууралуу Евразия экономикалык биримдигинин жооптуу кызматкери Федор Черныцин биримдикке байланыштуу жыйында билдирди.

Ал тарифтер биримдиктин бажы төлөмдөрүнөн бир кыйла төмөн.

“Бирок мындай болгондо Казакстанга Кыргызстандан арзан автоунаалар агылып кирет деген коркунуч бар. Мындан улам 2014-жылдын 1-январынан кийин Кыргызстанга ташылып келген унаалар Евразия экономикалык биримдигине биримдиктин төлөмү боюнча киргизилерин тараптар менен макулдаштык”, - деди Черныцин.

Ал эми 2014-жылга чейин Кыргызстанга ташылып келинген унаалар биримдиктеги өлкөлөргө бажы төлөмүсүз сатылат. (МТо)

XS
SM
MD
LG