Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Обама Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды узартууга үндөйт

АКШ президенти Барак Обама “Чоң жетинин” жыйынында Орусияга каршы санкцияларды узартууну сунуштайт. Ал мындай оюн 7-июнда Германияга болгон сапарында билдирет. Обама эки күндүк сапарынын алкагында Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади менен жолугуп, Ирактагы абалды талкуулайт.

Ал мындан тышкары Мюнхенде Германия канцлери Ангела Меркел жана Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Буга чейин Евробиримдик Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп, Крымды аннексиялап алган Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG