Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Ирландия ФИФА менен болгон соодалашуусун ачыкка чыгарды


ФИФАнын кызматтан кеткен башчысы Йозеф Блаттер
ФИФАнын кызматтан кеткен башчысы Йозеф Блаттер

Ирландиянын футбол бирикмеси (FAI) Эл аралык футбол ассоциациясындагы коррупциялык жаңжалдын жаңы жагдайларын ачты. ФАИнин аткаруучу директору Жон Дилэйни ФИФА президенти Йозеф Блаттер ага сотко кайрылбашы үчүн ооз басырык иретинде пара бергенин түз эфирде айтты.

Анын айтымында, Ирландия 2010-жылдагы дүйнө биринчилигинде одоно эреже бузуулардан улам четтеп калган. ФАИ бул боюнча ФИФАны сотко бермек. Бирок Блаттер 5 млн. евро менен алардын оозун жапкан.
Ирландия футбол бирикмеси 2009-жылы ФИФА менен аягына чейин соттошорун, аларды акча кызыктырбай турганын билдирген болчу.

2-июнда ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер коррупциялык жаңжалдарга байланыштуу кызматын тапшырган. 27-майда Швейцария полициясы Вашингтондун айыптоосунун негизинде ФИФАнын 7 жогорку кызматкерин камакка алган. Ал ортодо Интерпол ФИФАнын дагы 6 кызматкерине коррупциялык схемаларга байланыштуу издөө жарыялады.

XS
SM
MD
LG