Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоло баштады


Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн бүгүн, 5-июнда кол топтоло баштады. Акция шаардагы “Айчүрөк” соода үйүнүн жанында өтүүдө.

Анын уюштуруучулардын бири, “Калыс” кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдакматовдун билдиришинче, акция эки бөлүктөн туруп, бир айга созулат. Кол топтоо баракчасы ар бир саясий партия, мечит, медресе жана чиркөөлөргө таратылат.

Кыймыл буга чейин бачабаздыкка шектелгендерди кармагандарга акчалай сыйлык жарыялай турганын да кошумчалаган.

Акыркы убакта өлкөдө балдарга карата зомбулук жана зордуктоо боюнча маалыматтар көбөйдү. Анткен менен тиешелүү министрлик балдар зомбулугу азайганын, талкуу дээрлик ар бир окуя мурдагыдай жашырылбай коомчулукка ашкереленип жатканы үчүн көбөйгөнүн билдирип келет. (MTo)

XS
SM
MD
LG