Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Румыния өкмөт башчысы бир нече кылмышка шектелип жатат


Румыниянын президенти Клаус Лоханнис коррупцияга байланыштуу премьер-министрдин отставкасын талап кылды. Коррупцияга каршы комитет 5-июнда өкмөт башчысы Виктор Понтага коррупцияга жол берген, арам акчаны адалдаган, салыктан качкан деген айыптарды такты.

Көзөмөл кызматы Понта юридикалык фирмадан 63 миң евро пара алып, Бухаресттен эки кымбат баалуу үй алганын жарыялады. Бул фирманын ээси, премьер-министрдин санаалашы Дэн Сова транспорт министрине чейин кызматка көтөрүлгөн. Учурда анын иши коррупция беренеси боюнча тергөөдө.

Коррупцияга каршы комитет өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын алуу боюнча парламентке кайрылды. Понта өзү кызматтан кетпей тургандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG