Түштүк Кореянын бийлиги МЕРС вирусунан жуманын таңына карай төрт киши көз жумганын тастыктады. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы беш кишиде оорунун белгилери аныкталганын, аны жугузуп алган кишилердин жалпы саны 41ге жеткенин маалымдады. Дагы 3 миңден ашуун кишиге сыртка чыкпоо, ыктыярдуу карантинде болуу кеңеши берилди.
Бул илдеттен адамдын дем алуу органдары жабыркайт. Буга чейин вирус адамдан адамга жукпайт деп айтылып келген, бирок соңку кабарлар бышыктагандай, ал өзгөрүп, тез жайылышы мүмкүн. Оору Жакынкы Чыгыштан тараган жана ал төөдөн жукканы божомолдонууда.
Ал тапта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Кореяда MERS вирусуна кабылгандар арасында кыргызстандыктар жок деп билдирди.