Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

ШКУнун ИИМ башчылары Дүйшөмбүдө чогулду


Шанхай кызматташтык уюмунун ички иштер министрлеринин кеңешинин 3-отуруму жүрүп жатат. Жетекчилер экстремизм, терроризм, кибер кылмыштарга каршы күрөшүү, кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашмакчы.

Дүйшөмбүдөн маалымдашкандай, Кытай жана Тажикстандын тартип коргоочулары тоолуу аймактардын шартында терроризмге каршы чара көрүү боюнча машыгуу өткөрүшөт. Соңку кездери чөлкөмдүн тегерегинде экстремисттик топтор активдешип, куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жарандарды жалдап жатышат деген маалыматтар тараган.

Бул уюмга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Жыйынга ошондой эле уюмда байкоочу статусуна ээ Иран жана Ооганстан, ошондой эле өнөктөш Түркиянын өкүлдөрү катышууда.

.

XS
SM
MD
LG