Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Германия жана Борбор Азияга сапарынын алкагында 11-июнда Кыргызстанга келери күтүлүүдө.
Кыргызстандагы сапарынын алкагында ал президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мамлекет жетекчилери менен жолугары БУУнун расмий сайтында жазылды.
Пан Ги Мун жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар менен жолугушуу өткөрөрүн “Азаттыкка” "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, жолугушуу качан, кайда болору азырынча белгисиз. БУУ жетекчиси андан сырткары, парламентаризмди өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышып, беш жыл мурда кандуу калабаны баштан өткөргөн Ош шаарынын азыркы абалы менен таанышат. (КЕ)