Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында 5-июнда кечки алтыда жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” тастыкташкандай, “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү Спринтер автоунаасы Көк-Бел ашуусунда аңтарылып кеткен. Натыйжада машинадагы 11 кишинин үчөө мүрт кетип, калгандары ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. (КЕ/RsK)