Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги жана жаңы конуштардагы салынып жаткан жолдордун сапаты менен таанышууда. Ал шаардыктар үчүн жолду куруп берүү зарылдыгын белгиледи.
Кайназарова көчөсүнүн абалын көргөн өкмөт башчы борбор калаада мындай жолдун болгону уят экенин айтты. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов мурда жоопкерчилик жок болуп келгенин айтып, мэриянын алдында жолдун сапатын текшерүүчү атайын ишкана түзүлөрүн белгиледи. Ал ишкана жолдун курулуш мөөнөтүнө да көз салат.
Май айынын башында расмий ишке киришкен Сариев жумасына бир жолу шаардын жолдорун кыдыра турганын билдирген. (КЕ)