Куткаруучулар Малайзиянын Кинабалу тоосунун чокусунан 11 альпинисттин жана коштоочунун сөөгүн табышты. Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, дагы сегиз кишинин дайыны чыкпай жатат.
Туристтер арасында популярдуу Кинабалу тоосунда күчү 6 баллга жеткен жер титиреп, жер көчкөн. Себах штатынын Туризм министрлигинин маалыматына ылайык, 130 киши тоодон аман-эсен түшүп келген. Зилзаладан аталган штаттагы мектеп, оорукана жана башка имараттар жабыркады. (КЕ)