Кыргызстанда 9-июндан 11-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
7-июнда тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17...22, күндүзү 31...36;
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүзү 30...35;
Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүзү 30...35;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүзү 32...37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүзү 24...29;
Нарында түнкүсүн 6... 11, күндүзү 24...29;
7-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус жылуу. (КЕ)