Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 8-июнда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун, жалпы абалын талкууга алат. Тегерек үстөлгө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, депутаттар, коомдук уюмдун өкүлдөрү катышат.
Өлкө аймагында расмий каттоодо турган 156 миң майып жарандын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт. Республика боюнча мекеме-ишканаларда иштөө үчүн майыптарга 673 жумушчу орун каралган. Мурдагы жылы бул сан 755ке жеткен. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы 100 гана майып адам жумуш менен камсыздалган. Ишкана жана окуу жайлардын 80 пайызына атайын пандустар коюлган. Бирок алар имараттарга кирүү үчүн орнотулган, ал эми экинчи жана жогорку кабаттарга көтөрүлгөнгө андай шарт жок. (КЕ)