Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Быйыл инфляция 11 пайыздан ашат


Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл ички дүң продукциясынын өсүшү 2% болуп, инфляция тездеп 11 пайыздан ашат. Инфляциянын өсүшүнө сомдун курсунун туруксуздугу, Евразия экономикалык биримдикке кирүү менен баалардын көтөрүлүшүн күтүү, импорттук ун жана буудайдан көз карандылык, тариф саясатындагы өзгөрүүлөр себеп болору белгиленген.

Мындан сырткары үстүбүздөгү жылы айыл чарба, курулуш жана тейлөө тармактарында өсүш басаңдай турганын Каржы министрлиги билдирди. Ал эми өнөр жайы -1.5% төмөндөйт турганы айтылган.

Буга чейин п​ремьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө салыштырмалуу эң дурус деп, төрт айдын жыйынтыгында өсүш 7% барганын белгилеген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG