Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Чех жазуучусу Людвик Вацулик дүйнө салды


Чехияда жазуучу, журналист-фельетонист, “2000 сөз” манифестинин автору Людвик Вацулик 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал 1967-жылы жазуучулардын курултайында бийликти сындаганы үчүн Чехословакиянын Коммунисттер партиясынын катарынан чыгарылган. Бир жылдан кийин, июнь айында Вацулик “2000 сөз”, башкача айтканда Коммунисттик партияны бийликтен четтетүү чакыры менен чыккан.

Чехословакияга Советтер Союзу жана Варшава келишиминин аскерлери киргизилгенден кийин анын китептери басмаканадан чыкпай жаткан жана чет жактарда гана басылган. Ал 1977-жылы Ян Паточка, Вацлав Гавел, Зденак Млынарждар менен бирге чехословакиялык диссиденттердин Хартия-77 документине кол койгон. Коммунисттик режим кулаган 1989-жылдагы ыңкылаптан кийин Вацуликтин бир катар романдары жарык көргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG