Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Аба ырайы: күн ысык болот


Кыргызстанда 9-июндан 11-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

8-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37;

Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36;

Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;

Нарында түнкүсүн 7... 12, күндүз 24...29;

8-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG