Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Сузакта камакта отургандар укук коргоочулардан жардам сурады


Жалал-Абаддын Сузак районундагы убактылуу кармоочу жайда отургандар медициналык кароо начар экенин айтып, “Справедливость” укук коргоо уюмуна жардам сурап кайрылышты. Алар камактагыларга жасалган мамилеге нааразы болуп, күч кызматкерлери ооругандардын “Тез жардам” чакырып берүү өтүнүчүн канааттандырбай жатканын билдиришкен. Аталган уюмдан “Азаттыкка” кабарлашкандай, камалгандар өткөн жумада нааразылык акциясын да уюштурушкан.

Убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги түрмөдө отургандардын жүйөсү чындыктан алыс экендигин белгилеп, мыйзам чегинде иш жүрүп жатканын айтууда. Маалыматка ылайык, айрым учурларда калп эле дарыгер чакырган окуялар кездешип жатат.

Мекеменин каттоо китебинде күн сайын 4-5 жолу “Тез жардам” келери тууралуу маалыматтар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG