Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Аймактарда сел жүрдү


Cүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Cүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Талас облусундагы нөшөрлүү жаандан улам 7-июнь күнү кечки саат 9да Талды-Булак, Терек, Кара-Көө жана Көчөк сайларынан суу ташып, сел жүрдү. Алдын ала маалымат боюнча, жайыт жерлерди жана жайытка алып барган жолдорду суу каптады. Турак жайларга зыян келген жок.

Баткендин Ак-Сай айылында да Исфара суусунун деңгээли көтөрүлүп, бир көпүрөнү жууп кетти. Ворух айылына жакын жерде бир электр мамысы кулаган. Ак-Сай менен Капчыгай айылын байланыштырган көпүрөнүн тирегичине доо кетип, кооптуу абал жаралган. Ошондой эле бир катар унаа жолдорун сел жууган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тазалоо иштери улантылып жатканын билдирди.

Адистер 11-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталарын, көп аймактарда нөшөрлүү жаан күтүлүп жатканын эскертет. (SE)

XS
SM
MD
LG