Аталган өлкөдө мындай вирусту жуктурган алтынчы адам кайтыш болду. Соңку маалыматтарга караганда, өлкөдө бул вирусту жуктургандар көбөйүүдө.
Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 23 адам бул вирусту жаңыдан жуктуруп, жалпысынан ага кабылгандар 87ге жеткен. Европадагы илдетке байкоо жүргүзүү жана алдын алуу борборунун эсебинче, Түштүк Корея бул вирусту жуктургандардын саны боюнча Сауд Арабиясынан кийинки экинчи орунда турат.
Расмий Сеулдун кабарлашынча, азыр 2 300гө жакын адам карантинде турат. Бийлик вирус таралуу коркунучунан улам Сеул шаары менен Кенгидо аймагында жайгашкан мектептердин ишин токтото туруу чечимине келди.