Курултай 9-июнда Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу партиянын активисти, Нарын облусунун мурунку губернатору Канатбек Муратбеков билдирди.
Курултайда партиянын жаңы уставы кабыл алынып, саясий кеңештин мүчөлөрү шайланат. Партиянын лидери Канат Исаев күзгү парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясы өз алдынча барууга камданып жатканын билдирген. (AiT)