Тегеранда Washington Post басылмасынын журналисти Жейсон Резаянга козголгон иш боюнча сот жабык уланууда. Агенттиктер кабарлашынча, сотко Тегеран революциялык сотунун 15-бөлүмү да катышып жатат. Бул бөлүм адатта саясий жана улуттук коопсуздукка тиешелүү иштерди карайт.
26-майда өткөн сот жараянында прокурорлар Washington Post гезитинин Тегеран бюросунун башчысы, Иран жана АКШ жараны Резаянға "купуя маалыматтарды топтогон", "режимге каршы үгүт-насаат жүргүзгөн" деген айыптарды таккан. 39 жаштагы Резаян мындай айыптар менен 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн.
Вашингтон буга чейин бул ишти "абсурд" деп атаган.
Жейсон Резаян былтыр июлда камакка алынган. Аны менен кошо аялы Салехи да камакка алынып, бирок күрөөгө бошотулган. Салехи да “Иранга кас өлкөнүн пайдасына” тыңчылык кылган деп айыпталууда.