Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк саясатчыларын "жоопкерчиликтүү болууга жана туруктуулук менен ишеним атмосферасын сактоого" чакырды. Эрдоган бул тууралуу бүгүн анын эсебин актабаган кечээги шайлоонун жыйынтыктарынан соң айтты.
Жекшембидеги шайлоодо ал жетектеген "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы парламентте көпчүлүк коалиция түзүү үчүн жетиштүү добуш ала алган жок. 2011-жылкы шайлоодо бул партия шайлоочулардын тең жарымынын добушун алса, бул жолу 41 пайыз гана добушка ээ болуп, коалициялык көпчүлүк түзгөнгө 18 орун жетпей калды. Түрк парламенти 550 орундан туруп, Эрдогандын партиясы 258 орун алды
Андыктан партия эми шайлоодо жеңген башка партиялар менен коалиция түзүүгө аргасыз. Бул маселе партиянын бүгүнкү курултайында каралганы жатат. Түрк мыйзамдарына ылайык, эгер 45 күн ичинде коалициялык өкмөт түзүлбөсө анда парламентке жаңы шайлоо жарыяланат.
Кечээги шайлоого жалпысынан 19 партия ат салышты.