Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Пакистанда 19 согушкердин көзү тазаланды


Пакистандын түндүк-батышындагы уруулар көзөмөлдөгөн Түндүк Вазиристан аймагындагы кагылышта 19 согушкер жок кылынып, ошол эле учурда өкмөт 7 аскеринен ажыраганын өлкөнүн аскер өкүлдөрү кабарлашты. Кагылышуу Ооганстан менен чек аралаш аймакта түн ичинде башталган. Маалыматка караганда, жанкечти дүрмөттөлгөн курун жардырып жиберип, анын натыйжасында 7 аскер ажал тапты. Жардырууну согушкерлер менен аскерлердин атышуусу коштоп, жоочулардын көзү тазаланган.

2000-жылдардын башынан бери Түндүк Вазиристан аймагы "ал-Каида" менен "Талибан" баштаган террордук топтордун турагына айланган. Акыркы жылдары өкмөт аскерлери бул жакта айыгышкан күрөш жүргүзүүдө.

Аймакка журналисттердин буту жетпегендиктен өлтүрүлгөн согушкерлер менен алардын кимдиги тууралуу көз карандысыз эсеп жүргүзүү татаал бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG