Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

"Чоң жетилик" Орусияга санкцияларды күчөтүүгө даяр


"Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн лидерлери Москванын Украина жаңжалындагы ролу үчүн санкцияларды катаалдатууга даяр экенин айтышты. Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ лидерлери мындай эскертүүнү Бавариядагы эки күндүк саммиттен кийинки биргелешкен билдирүүдө жасады. Анда санкция аракети "орус тараптын Минск келишимин аткарууга жана Украина суверенитетин сыйлоосу" менен тыгыз байланышта болушу керектиги белгиленет. Ошондой эле "Чоң жетиликке" кирген өлкө башчылары эгер зарыл болсо Орусия өз кылганына жооп берүүсү үчүн кошумча чектөө чараларын кабыл алууга даярдыгы билдирилет.

Быйыл февралда Минскте жетишилген ок атышууну токтотуу келишими өзүн актаган жок жана аны аткаруу аткылашуу менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG