Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Москвада атактуу дарыгер-табып дүйнө салды


Евгения Давиташвили (1988-жылы тартылган сүрөт)
Евгения Давиташвили (1988-жылы тартылган сүрөт)

Учурунда Брежнев баштаган советтик лидерлерди жана таанымал инсандарды дарылап жүргөн айтылуу табып-дарыгер Жуна Давиташвили 66га караган курагында дүйнө салганын актер Станислав Садальский өз блогунда жазып чыкты. "Жуна эки күн эс-учун билбей жатып кете берди. Аны тез жардам түз эле Арбаттан алып кеткен. Үйүнө жакын дүкөнгө тамак-аш алганы чыгып жыгылган экен. Бир канча күн мурда аны ооруканадан алып чыгышкан. Операция жасашкан, канында олуттуу проблема бар экен", - деп жазды актер.

Жуна табыпчылыктан башка сүрөт тартып, ыр, аңгеме да жазчу.

Евгения Давиташвили - кубан казагы менен ирандык эмигранттын кызы, 1949-жылы 22-июлда Краснодар крайындагы Урмия кыштагында төрөлгөн. Ростов кинотехникумун, Тбилиси медициналык университетин аяктаган. Тбилисиде болочок күйөөсү Виктор Давиташвили, Шеварднадзенин референти менен тааанышат. Евгения ошол учурда эле "колун коюп" дарылоо ыкмасы менен тааныла баштайт. Кийинчерээк анын жөндөмүн Грузия элитасы, анан Москва биле баштайт.

Ал 2001-жылы уулу Вахтангдан ажыраган соң көпчүлүктүн көзүнөн далда кеткен.

Дарыгердин өлүмү тууралуу уккан орус мыйзам чыгаруучусу Олег Финько Жуна аны да бир канча жолу дарылаганын, ал өзгөчө касиеттүү адам болгонун айтып чыкты: "Ал аябай чынчыл адам эле. Колунан келбесе ачык эле айтып, баш тартып койчу. Бирок анын колунан көп нерсе келчү, көптөгөн ооруларды айыктырчу"

Москвадагы Орусиянын Астрология мектебинин президенти Александр Зарайев болсо Жунанын орус коомчулугундагы ордуна токтолуп, аны совет доорундагы бард Владимир Высоцкийге салыштыруу менен "Жуна анын миссиясын аткарды" деп айтты.

XS
SM
MD
LG