Казакстандык “Бек Эйр” жума жана жекшемби күндөрү эртең менен жүз орундуу голландиялык Фоккер-100 учагы менен Алматыдан Тамчыга уча баштайт. Жол кире 160 доллар. Каттам 26-июндан 31-августка чейин болот. Учуу аралыгы 89 км, убактысы 30 мүнөт. Ошондой эле казакстандык “СКАТ” авиакомпаниясы дагы ЯК-42 учагы аркылуу каттам ачууну пландоодо. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн туристтик агенттиктери билдирди.
Тамчыдагы аэропортко 2006-жылы эл аралык маанидеги статус берилген.