Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Чүйдө катуу шамалдан бир кыз каза тапты


8-июнь күнкү катуу шамалдан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 аймагында бир кыз каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аны кулаган дарак басып калган.

Кечээ кечки саат жетиден тогузга чейин облус аймагында ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан шамал жүрдү.

Бишкек шаарында да ондогон дарак, жарнамалык такталар кулап, түн жарымга чейин тазалоо иштери жүрдү. Бир катар жолдор тазалоо үчүн түндө убактылуу жабылды. Отуз чамалуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Келтирилген зыян такталууда.

Ошондой эле Таластын Кара-Буура районундагы шамал Бакыян айылындагы мектептин чатырынан 30 шыйпырды учуруп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG