Динчил көз караштагы “Насаат-медиа” уюму интернеттеги социалдык тармактарда кумсаларга каршы акция жүргүзүп жатат. Алар Кыргызстанда ЛГБТ түшүнүгүн жайылтпоого чакырып, белгилүү кишилердин видео кайрылууларын таратууда. 14-июнь күнү Бишкектеги Горький сейил багында өтө турган нааразылык акциясына киши топтоо үчүн атайын ролик да даярдашып, дүйшөмбү күнү интернетке чыгарышты. Анда көчөдөгү жөнөкөй жарандар “Мен кумсалыкты үгүттөөгө каршымын” деген жазуу менен элди митингге келүүгө чакырат.
Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аны март айында кабыл алган. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берүүдө. (SE)