Украина чыгышында жүк ташуучу унаа минага кабылып, жети киши мерт кетти. Баары аскер кызматкерлери экени кабарланууда. Окуя Донецк шаарынан 15 километр алыста, орусиячыл жикчилер көзөмөлдөп турган аймакта болду. Бирок бул боюнча жикчилер эч кандай билдирүү жасай элек.
Расмий кабарларга караганда, тынчтык келишими күчүнө кирген февраль айынан бери Украинада жүздөн ашуун аскер адамы жана элүүдөн көп жөнөкөй тургун апаат болду. (SE)