Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Лейлекте сел мал-жандыкты агызып кетти


Баткендин Лейлек районундагы үч айылда 8-июнь кечинде жүргөн сел жүздөн ашуун турак үйлөргө зыян келтирип, мал-жандыкты агызып кетти. Жабыркагандарга убактылуу чатырлар тигилип, куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Табигый кырсык келтирген зыянды тактоо жана тазалоо иштери улантылып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле Жалал-Абаддын Сузак районунда сел жүрүп, Курманбек айылындагы бир турак үйдү суу каптады. Алдын ала маалымат боюнча койлорду суу агызып кеткен.

Адистер 9-11-июнь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы өкүм сүрүп, көпчүлүк райондордо нөшөр жаандан улам сел жүрөрүн эскертүүдө. Тоолуу аймактарга кар түшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG