Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Таласта келинди зордуктады деп соттолгон жарандардын жакындары сот чечимине макул эмес


Таластын тургуну Калия Арабекова аттуу келинди зордуктады деп айыпталып, соттолгон балдардын адвокаты Бурхан Нышанов жана соттолгондордун биринин энеси Сейнеп Көкөмбаева тергөө учурунда жана сотто бир нече мыйзам бузууларга жол берилип, сот акыйкат чечим чыгарбаганын билдирип жатышат. Алар зордукталды делген Калия Арабекованын артында акча өндүрүү максатын көздөгөн кызыкдар адамдар болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Алар сот чечимине макул болбой, Сокулук райондук сотуна апелляциялык арыз жолдошту.

Сейнеп Көкөмбаева уулунун эч кандай айыбы жок экендигин, бул үчүн анда далилдер жетиштүү экендигин билдирүүдө.

Буга чейин акыйкатчынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаеванын “Азаттыкка” 21-майда Сокулук райондук соту эки жыл мурда Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар Карымбаев Ильгиз, Алыбаев Алтынбек, Кененсариев Мукаш боюнча өкүм чыкканын, алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганын кабарлаган эле.

31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен чакырган Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары 2013-жылы 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG